USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык мушкер Бакудагы мелдеште коло медаль алды

16:38, 28 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Санжар Сейдакматов Азербайжанда өтүп жаткан бокс боюнча «Улуу Жибек жолу» эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу kyrgyzstanboxing Instagram баракчасында билдирди.

57 килограммга чейинки салмак ченинде ал чейрек финалда тажикстандык спортчуну нокаут менен утту.

Ал эми жарым финалда өзбекстандык мушкерден жеңилип калып, үчүнчү орунду ээледи.

Турнирге жалпысынан 11 өлкөнүн спортчулары катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18