USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Быйыл кышка даярдык көрүүгө 7 миллиард сом сарпталат

11:48, 14 марта 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүүгө 7 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» ишканансына жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 миллиард сом каралган. Бийик тоолуу аймактарда, алыскы зоналарда жашаган калкка электр энергиясын төлөө боюнча 50 пайыздык жеңилдикти компенсациялоого 184 миллион сом жана бюджеттик уюмдарга республикалык бюджеттин эсебинен көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 430,3 миллион сом бөлүнгөн.

Анын ичинде январь-февраль айлары үчүн 1,7 миллиард сом бөлүнгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18