USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын ИДПсы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 3,9 пайызга өсөт

09:43, 13 марта 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 3,9 пайызга жакын болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда маалымдалат.

Белгиленгендей, өнөр жай сектору жалпы ИДПнын динамикасына оң таасирин тийгизет. Айыл чарбасынын жана энергетика секторунун экономикалык өсүшкө кошкон салымы күтүлүп жаткан суунун тартыш мезгилине байланыштуу азыраак болот.

«2025-жылы реалдуу ИДПнын өсүш темпи 5,7 пайыз деңгээлинде болору күтүлүүдө», — деп белгилешти Улуттук банктан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18