USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы алмашты

13:02, 05 марта 2024, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев улуттук комиссиянын төрагалыгына 2022-жылдын 12-майында дайындалган. Анын ордуна Мелис Мураталиев келди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18