USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар үчүн жаза катаалдашты

09:13, 28 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабиясы Меккеге кирүү эрежесин бузган зыяратчылар ири өлчөмдө айып пул төлөп, камакка алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги башка өлкөнүн жарандары 2024-жылкы ажылыкка уруксатсыз катышса, 2 айдан 6 айга чейин абакка кесилип, 50 миң риалга (13 миң 330 доллар) чейин айып пул төлөшөрүн билдирди. Мыйзам бузган чет элдик жарандар депортацияланат жана 10 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Ал ортодо Сауд Арабиясынын прокуратурасы зыяратчыларга «мыйзамсыз каржылык жардам көрсөтүү» иштерине барбоону эскертти.

Көзөмөл органдын билдирүүсүнө ылайык, эреже бузгандарды жети жылга эркинен ажыратуу жана 5 миллион риалга чейин айып салуу сыяктуу катуу жазалар күтүп турат.

Сауд Арабиясы буга чейин ажылыкка уруксатсыз катышкандарга айып пул салып, абакка кесип келген, бирок мурда жазалар жаңы мыйзамга караганда бир топ жеңил болчу.

Быйыл ажылык 14-июнда башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18