USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

15:33, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Маалыматты 24.kg басылмасына Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү сотко өтүнүч менен кайрылып, ал канааттандырылды.

Жаныбек Бакчиевдин абактагы мөөнөтү 23-мартка чейин узартылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев 2023-жылдын октябрында кармалган, бирок бул тууралуу ноябрдын ортосунда гана белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси «баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо» боюнча айып тагылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18