USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык мушкерлер Россиядагы турнирде үч медаль утушту

10:52, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Комсомольск-на-Амуреде (Россия) 2006-2007-жылдары туулган спортчулар арасында турнир болуп өттү. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында kyrgyzstanboxing билдирди.

Амантур Жумаев (54 килограммга чейин) коло медалдын ээси болду.

Зафарбек Камилов (51 килограммга чейин) жана Мырзакир Кошалиев (92 килограммдан жогору) алтын медаль утушту.

Турнирге Россия, Кыргызстан, Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Беларустан келген 17 жана 18 жаштагы мушкерлер катышты. Жалпысынан 13 салмак категориясында 120дан ашык спортчу күч сынашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18