USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Январь айында Грузия Кыргызстанга жеңил автоунаалардын экспортун көбөйткөн

10:04, 26 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан 2024-жылдын январында Грузияга эң көп товар экспорттогон өлкө болду. Мындай маалыматтарды Грузиянын Улуттук статистика кызматы билдирди.

Экспорттун көлөмү 46,2 миллион долларды түздү.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2024-жылдын январында Грузиянын тышкы соода жүгүртүүсү төмөндөп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8 пайызга азайган.

Ошол эле учурда Грузиядан Кыргызстанга жеңил автоунаалардын жеткирилиши көбөйгөн. Өлкөгө 16 миң 831 автомашина алынып келинген, алардын жалпы наркы 618 миллион долларды түзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18