USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна бизнес борборун куруу пландалууда

10:06, 19 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна бизнес борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жаңы ипподром үчүн башка жер тандалат.

Акылбек Жапаров белгилегендей, архитекторлор тобу бул долбоорлордун үстүнөн иштей башташты. Ал борбор калаада шаардыктарды да, туристтерди да суктандыра турган кооз архитектуралык жайлар курулушу керек экенин айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы курулуш компанияларын «өз пайдасын гана ойлоп, куту куруп, андагы батирледи сатып, кетип калышат» деп сындады. «Таштанды челектери же унаа токтотуучу жайлар үчүн жөнөкөй жерлерди да ойлонушпайт. Мындай болбойт. Тартип орнотуу керек», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18