USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жакында Кыргызстанда 17 өнөр жай долбоору ишке кирет

14:23, 16 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Жакын арада ишке ашырылышы керек болгон 17 өнөр жай долбоору бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, эң биринчилерден болуп автоунаа чыгаруучу ишкана ишке кирет. 2023-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында ири тетиктерди кураштыруучу заводду ишке киргизүү макулдашылган.

«Биз ишкана 2024-жылдын март айында иштей баштайт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары, модернизациялоодон кийин «Жунда» нефтини кайра иштетүүчү заводу, керамика такталарын, цемент продукциясын чыгаргын заводдор ишке кирет», — деп жыйынтыктады Айнура Усенбекова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18