USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын курамы өзгөрөт

15:49, 14 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

 «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын курамы өзгөрөт. Боршайкомдон билдиришкендей, бүгүн отурумда депутат Абдывахап Боронбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандатты Саидбек Зулпуевге өткөрүп берүү маселеси каралат.

24.kg агенттигине өз булактарынан белгилүү болгондой, Абдывахап Боронбаев ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арыз жазган. Эскерте кетсек, ал парламентке келгенге чейин Түштүк-Батыш бажысын жетектеп келген.

Ал эми Саидбек Зулпуев — ишкер, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттигинин мурунку директору болуп иштеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18