USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Президент мунапыс тууралуу мыйзамга кол койду

09:16, 13 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 25-январда кабыл алган. Анда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдардын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлүп бүтө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби тууралуу» мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

Буга чейин бул мунапыска 600 киши илинери кабарланган.

Жаза аткаруу кызматынын январдын аягындагы маалыматына ылайык, өлкөдө соттолгондордун жалпы саны 7 402 адамды түзсө, алардын 6 495и абакта отурат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18