USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

1 миллион сом опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды

11:53, 09 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

1 миллион сом опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, А.Э. аттуу жаран Т. А. менен сүйлөшүп, укук коргоо органдарынын кызмат адамынан 1 миллион сом акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

1986-жылы туулган А.Э. 100 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18