USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алматыда жер көчкүдөн төрт киши каза болду

16:09, 08 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Алматыда жер көчкү басып калган үйдөн каза болгон төрт кишинин баарынын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.

«Жалпысынан кырсык болгон жерден төрт адамдын сөөгү табылып, сыртка чыгарылды. Алар 1984-жылкы эркек, 1980-жылкы аял жана он жети жаштагы эки өспүрүм», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Департаменттен билдиришкендей, кырсык болгон жердеги тазалоо иштерине учтуу нерселер, айнек, арматура жана башка буюмдар аралашкан ылайдын көптүгү, үйдүн кире беришинин тардыгы жана техниканы колдонууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу тоскоолдук кылууда.

Жер көчкү 8-февралга караган түнү саат 2:20ларда Тау-Самал кичи районунда катталган. Жыйынтыгында бир жеке турак үй толугу менен талкаланып, дагы бирөө жарым-жартылай зыянга учураган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18