USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

CAFA чемпионаты: Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Түркмөнстанды жеңди

11:37, 05 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Душанбеде футзал боюнча кыз-келиндер арасында Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында кабарланды.

Биринчи турда Кыргызстандын командасы Түркмөнстан курамасын 3:1 эсебинде утту.

Голду Нагима Турдалиева (дубль) менен Кенжебүбү Ырысбек кызы гол киргизишти.

Экинчи турда бүгүн, 5-февралда кыргызстандык кыздар Тажикстан курамасы менен беттешет.

Кыргызстандын командасынан тышкары тегерек система боюнча Тажикстан, Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстандын курама командалары күч сынашат.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы экинчи орунда турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18