USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык мушкерлер Испанияда өткөн мелдеште алтын жана күмүш медаль алышты

10:46, 05 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Испанияда өткөн Boxam эл аралык турнири жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мунарбек Сейитбек уулу 60 килограммга чейинки салмак ченинде Швейцария, Индия жана Шотландиядан келген спортчуларды жеңип, финалга чыкты. Финалда ал Малинин мушкерин утту.

Өмүрбек Бекжигит уулу 86 килограммга чейинки салмак ченинде Польша менен Индиядан келген атаандаштарын утуп алды. Ал эми финалда ал Англиядан келген спортчуга жеңилип калды.

Буга чейин Сагын Сатыбалды уулу 80 килограммга чейинки салмакта коло байгеге ээ болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18