USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Камчы Көлбаевдин кудасы башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

12:18, 01 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандыргандыгы белгиленет.

«Буга чейин тандалган камакка алуу бөгөт чарасы эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат менен кое берүүгө өзгөртүлдү», — деп билдиришти соттон.

Эскерте кетсек, Рустам Турдиев өткөн жылдын октябрь айында кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топ түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталып жатканы кабарланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18