USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда 73,8 миң ККМ аппараты колдонулууда

09:31, 31 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкерлер тарабынан 73 миң 804 көзөмөл-кассалык машиналары (ККМ) колдонулууда. Мындай маалыматты Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ККМ реестри түзүлүп, ага аппараттын 33 модели кирген.Ошондой эле Салык кызматы 26 техникалык тейлөө борбору менен макулдашууларды түздү.

«Көзөмөл-кассалык машиналарды сатып алуу үчүн жеткиликтүү шарттарды камсыз кылуу, алардын баасын төмөндөтүү жана бөлүп төлөөгө берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ишкердик субъектилерине ККМ алуу үчүн максималдуу жеткиликтүү шарттарды түзүү жана жайылтуу үчүн бир катар банктар POS -терминал функциясы менен гибриддик машиналарды таратышууда», — деп билдирди Салык кызматы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18