USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УКМКнын мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды

15:17, 30 января 2024, Бишкек - 24.kg
Замира НИЯЗБЕКОВА

Бишкек шаарында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинине караштуу № 7 «Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мекеменин пресс-борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин имараты эки кабаттан турат. 220 орунга ылайыкташкан.

«Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. «Алтын балалыкта» мектепке чейинки 2,5 жаштан жогорку балдар тарбияланышат. Курулуш иштери президенттин резервдик фондунан каржыланган», — деп билдирди УКМК.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18