USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аскат Алагөзов эмне үчүн президент кийинки шайлоого катышарын айтты

12:27, 30 января 2024, Бишкек - 24.kg

«Ооба, Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат», — деди 24.kg агенттигине мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

«Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлор ишке киргизилип жана пландаштырылып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадам болот», — деди ал.

Буга чейин президенттин кийинки шайлоодо талапкерлигин коюу планы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18