USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Ала-Арча» соода борборунун башкы директору ири алдамчылыкка шектелип кармалды

17:38, 26 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору ири алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«2023-жылдын ноябрь айынын аягында борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы туруктуу киреше убада кылып, «Фаргокоин» криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң доллар жана 1 миллион сом акча каражатын ээлеп алган адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 миллион 969 миң сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору Б.Т., аттуу жаран кармалган. Райондук соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул алдамчылык боюнча башка жабыркаган жарандар дагы болушу мүмкүн. Кылмыш шериктештерин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18