USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанга GPT чатынын иштеп чыгуучуларынын бири келет

12:25, 25 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга GPT чатынын иштеп чыгуучуларынын бири келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жыйында билдирди.

«Кыргыз тилинде чат түзүү маселеси талкууланат», — деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы жасалма интеллект кыргыз тилинде сүйлөй баштаганын билдирди. «Биз ата мекендик мыкты дикторлордун үндөрүн чогултуп, кечээ «Биринчи радионун» эфиринде алып баруучулардын ордуна жасалма интеллект коштук, эч ким байкаган жок», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18