USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Тик учактын кыйрашы. Аскер прокуратурасы иликтөөнү улантууда

15:40, 24 января 2024, Бишкек - 24.kg

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн МИ-8 тик учагынын кулашы боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү (учуу же ага даярдык көрүү эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

«Иликтөө улантылууда, бир катар зарыл экспертизалар дайындалып, сурактар жана зарыл тергөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 17-январда абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жабыркаган

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18