USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын кирешеси 28,3 миллиард сомду түздү

10:34, 23 января 2024, Бишкек - 24.kg

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун таза кирешеси 28,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, республикалык бюджетке дивиденд түрүндө 16,8 миллиард сомдон ашык каражат которулган.

 Мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 2023-жылы 4,1 миллиард сомдон ашты.

«Мамлекеттик компаниялардын жана ишканалардын ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү тийиштүү көзөмөл жана финансылык тартипти бекемдөө аркылуу жакшырды», — деп белгиледи мекеме.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18