USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алматыда жер титирөөдөн сегиз киши жабыркады

09:49, 23 января 2024, Бишкек - 24.kg

Алматыда жер титирөөдөн сегиз киши жабыркады. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алар үйдөн чуркап чыгып баратканда, терезеден секиргенде жараат алышкан.

«Үчөө турак үйлөрдүн экинчи жана үчүнчү кабаттарынан секирип, жаракат алышкан. Жабыркагандардын экөөсү амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үчүнчү бейтаптын абалы оор деп бааланып, ооруканага жаткырылды. Бешөө үйдөн чуркап чыгып баратканда жаракат алышкан. Бардык зарыл болгон медициналык жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин алар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

23-январь күнү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Казакстандын Алматы шаарында да сезилген. Бишкек шаарында 3 баллга чейин жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18