USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аскердик тик учактын кыйрашы. Жабыркагандардын саны көбөйдү

16:50, 17 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жараат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, алардын экөөсү өтө оор абалда. Алтоонун абалы орто.

Белгилей кетсек, буга чейин Коргоо министрлиги бир адам каза болуп, сегиз адам жараат алганын билдирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, Ми-8 тик учагы окуу-машыгуу учууларынын жүрүшүндө Достук айылынан алыс эмес жерде жайгашкан "Фрунзе-1"авиабазасына авариялык түрдө конууга аргасыз болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18