USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Мурас-Ордо» конушунда 5 жашар баланын сөөгү табылды

17:39, 15 января 2024, Бишкек - 24.kg

«Мурас-Ордо» конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү 15-январь күнү арыктан табылып, баланын жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бл тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-январь күнү Бишкектин «Мурас-Ордо» конушунда 2018-жылы туулган А.А. аттуу бала дайынсыз жоголгон.

Аны издөөгө бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан жана райондук ӨК бөлүмүнөн жалпы 17 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар да тартылган

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы Алихан аутизм оорусу менен жабыркап келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18