USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

11:02, 09 января 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. Күрөш федерациясы алгачкы жыйынтыктарды социалдык тармактарда жарыялады.

Биринчи күнү эркин күрөш боюнча беттештер өтүп, ар бир салмак категориясы боюнча беш комплект медаль коюлду.

Алмаз Иманбеков (57 килограммга чейин), Эрназар Акматалиев (65 килограммга чейин), Исламбек Орозбеков (74 килограммга чейин), Нуртилек Карыпбаев (86 килограммга чейин) жана Андрей Аронов (97 килограммга чейин) өлкө чемпиондору болушту.

Турнирдин жыйынтыгында өлкөнүн атынан дүйнөлүк аренага чыга турган Кыргызстандын курама командасы түзүлөөрү кабарланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18