USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жүз жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине батир берилди

11:35, 08 января 2024, Бишкек - 24.kg

Жүз жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине жаңы батир берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

Кошкоро Жаманкулов

Облус башчысы Канат Жумагазиев аксакалга Кара-Балтадагы жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Ал эми Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев ага ардактуу атуул наамы ыйгарылганын билдирди.

Кошкоро Жаманкулов Улуу Ата Мекендик согуштун экинчи топтогу майыбы. Ал 1924-жылы туулуп, кичүү уулу, келини жана неберелери менен Кайсар айылында жашап келген. Анын 7 баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18