USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөргө билет берилет

14:22, 27 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөргө билет берилет. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, мэрия 1 миллион билет даярдап койду.

«Ар бири номерленген, андыктан жүргүнчү бир билетти эки жолу колдоно албайт. Айдоочу жол кирени накталай төлөгөндөргө билет бериши керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык кеңеши жол кире тарифин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, накталай төлөөдө 20 сом болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18