USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги ооруканада бейтап дары ичкенден кийин каза болду

12:57, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Замира НИЯЗБЕКОВА

Бугүн, 26-декабрда Бишкектеги № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунда бейтап дары ичкенден кийин каза болду. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына ооруканадан билдиришти.

«Бул анафилактикалык шоктон улам болдубу же жокпу азырынча белгисиз. Анын көптөгөн диагноздору, жүрөк патологиясы бар болчу, так корутунду азыр бере албайбыз. Бейтап дайыма бир эле дарыны алып жүргөн. Азыр топ иштеп жатат», — деп билдиришти ооруканадан.

Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы азырынча толук маалымат бере алган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18