USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия башчысы Бакытжан Сагинтаев болот

12:32, 26 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

2024-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев болот. Бул тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Санкт-Петербургдагы жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Эскерте кетсек, Бакытжан Сагинтаев 2016-2019-жылдары Казакстандын премьер-министри, андан соң Казакстандын президентинин администрациясынын жетекчиси жана Алматынын акими кызматын аркалаган.

2022-жылдын июнунан тартып Казакстандан ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри болгон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18