USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

№ 6 автобустун маршруттук схемасы өзгөрдү

17:15, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

 № 6 автобустун маршруттук схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим мекемелер аралык комиссиянын жыйынында шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруу үчүн жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам кабыл алынды.

Эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушуна каттайт.

№6 автобустун жаңы маршруттук схемасы


«Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген», — деп белгиледи мэрия.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18