Кыргызстандын мектептеринде кышкы эс алуу 1-январда башталат
16:25, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Замира НИЯЗБЕКОВА
Мектептерде кышкы эс алуу 1-январдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, балдардын эс алуусу 2024-жылдын 14-январына чейин созулуп, сабактар 15-январда башталат.
Жалпысынан окуучулардын кышкы эс алуусу 14 күнгө созулат.