USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Нарын районунда вакциналарды сактоочу кампа курулду

10:14, 21 декабря 2023, Бишкек - 24.kg
Замира НИЯЗБЕКОВА

Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

«Жаңы кампа бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле эмдөө үчүн «муздак чынжыр» талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет. Анын курулушу менен саламаттык сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды», — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, Араван айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө бүткөрүлдү.

Учурда Кербен шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө курулуш иштери аяктоо алдында турат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18