USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте «Алтын калем» сыйлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

10:11, 14 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Алтын калем» сыйлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды.

Эскерте кетсек, буга чейин сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Жазуучулар Союзу менен биргеликте жарыялаган.

«Проза» номинациясында Абдиламит Матисаков, «Поэзия» номинациясында Молдоакмат Бапаков жеңүүчү аталды.

Кыял Тажиева «Драма» номинациясы боюнча, Үмүт Култаева «Адабий сын» категориясы боюнча сыйлык алды. Ошондой эле «Котормо» номинациясы боюнча Таштанбек Чакиевге, «Балдар адабияты» багытында Байтемир Асаналиевге жана «Орус тилдүү чыгармалар» боюнча сыйлык Тыныбек Майманалиевге ыйгарылды.

Эскерте кетсек, сынак кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн белгилеп, акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктап, талантын ачып, адабий жөндөмдөрүн арттырууга багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18