USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мэрия шаар тургундарын коомдук транспортко өтүүгө чакырды

13:15, 12 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы аба ырайына байланыштуу шаардыктарга коомдук муниципалдык транспортко өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мэрия бул мүмкүн болгон жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга жардам берерин белгиледи.

Борбордук коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде таңкы саат 5:00дөн түнкү 23:30 га чейин тейлейт.


«Саат 9:00гө карата линияда «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканансынын 114 троллейбусу, «Бишкек автотранспорт ишканасынын» 396 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын» 276 автобусу, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тарабынан 110 жеке автобус жана «Аламүдүн Авто Транстын» 5 автобусу кызматта. Мындан тышкары, шаар боюнча 634 микроавтобус иштейт. Зарыл болгон учурда линияга дагы кошумча автобустар жана троллейбустар чыгарылат», — деп белгиледи мекеме.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18