USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык спортчу оор атлетика боюнча эл аралык турнирде коло медаль алды

11:09, 08 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Ишенбек Муратбек уулу Катарда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык турнирде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Instagram тармагында спорттун аталган түрүнүн эл аралык федерациясы билдирди.

67 килограммга чейинки салмак категориясында (А тобу) ал 164 килограмм жыйынтык көрсөттү.

Башка эки дисциплинанын жыйынтыгы боюнча Муратбек уулу байгелүү орундарга ээ болгон жок.

Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча Катар Кубогуна Бекдөөлөт Расулбеков, Эмил Молдодосов, Ишенбек Муратбек уулу, Нурсултан Тармалов, Элзар Тариев жана Фарух Шокержанов катышууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18