USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эдил Байсалов: Бишкектин аймагы үч эсеге кеңейет

14:14, 06 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин аймагы үч эсе кеңейет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети 2024-жылга карата беш максатты аныктады, алардын бири административдик-аймактык реформаны жүргүзүү.

Чиновник бул реформанын алкагында аймактарда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.

«Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэри болуп калышынын бирден бир себеби ушул. Шаардын аймагы үч эсеге кеңейет. Бул келечекте чоң өзгөрүүлөргө алып келет», — деди Эдил Байсалов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18