USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чолпон-Атада жаңы кичи район курулат. Министрлер кабинети жер бөлүп берди

10:08, 06 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын министрлер кабинети Чолпон-Ата шаарында жаңы кичи район куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигине 1 гектар жерди Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына, дагы 34 гектер жер тилкесин Чолпон-Ата шаарынын мэриясына мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырылды.

Учурда көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18