USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Садыр Жапаров Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татарды кабыл алды

10:47, 05 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров жана Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар

Президент Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.

«Эрсин Татар Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген. Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты», — деп белгиледи ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18