USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын рейтингинде 98-орунду ээледи

16:12, 01 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 98-орунду ээледи. Жаңыланган тизме эл аралык федерациянын сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын курамасы бир орунга ылдый түштү.

Рейтингде 211 курама бар. Алдыңкы бештикке Аргентина, Франция, Англия, Бельгия жана Бразилия кирет.

Өлкөнүн курама командасы ноябрь айында 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында эки оюн өткөрдү. Биздин футболчулар Оманды жеңип, Малайзияга утулуп калышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы 188 команданын арасында 128-орунду ээлейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18