USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Айсулуу Тыныбекова анын атын жамынган алдамчыларга ишенбөөгө чакырды

10:47, 27 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Алдамчылар Айсулуу Тыныбекованын атын жамынып, кыргызстандыктардын акчасын алып жатышат. Бул тууралуу күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Facebook баракчасына жазды.

«Достор, мен эч кандай лотерея, сынак жана башка акцияларды өткөрбөйм деп айтуудан тажабайм. Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактардагы шектүү жарнамаларга ишенбеңиздер! Бүгүнкү күндө сак болуп, мүмкүн болгон алдамчылык схемалардан абайлоо керек. Текшерилген маалымат булактарына ишениңиздер», — деди ал.

Айсулуу Тыныбекова Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы өзүнүн расмий аккаунттарын белгилеп өттү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18