USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Акылбек Жапаров Бишкектеги тыгын маселесин чечпесе, мэр иштен алынарын билдирди

16:18, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Мэр 2024-жылдын биринчи кварталында Бишкектеги тыгын маселесин чечпесе, иштен алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Генералдык планда темир жолду борбордун сыртына чыгаруу каралган.

«Мындан тышкары, биз темир жол айрыгын кеңейтишибиз керек. Биз бул үчун муниципалитетке керектүү сумманы бөлүп берүүгө даярбыз», — деди ал.

Эске салсак, Айбек Жунушалиев 31-октябрда Бишкектин мэри болуп дайындалды. Ал буга чейин 2021-жылдын 26-августунан 2022-жылдын 24-февралына чейин шаардын мэри кызматын аркалаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18