USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Садыр, салам!» Минскте Кыргызстан менен Беларустун президенттери жолукту

09:31, 23 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров жана Александр Лукашенко

Президент Садыр Жапаров Минскте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Видеонун башында Александр Лукашенко Кыргызстандын өлкө башчысын: «Садыр, салам!», — деп тосуп алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18