USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

13:04, 21 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте фехтование боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Мелдешке өлкөнүн бардык региондорунан 50дөн ашык спортчу катышып, жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Биринчи орунду Камила Абдылхамитова жана Жоодат Эсеналиев ээледи.

Экинчи орунду кыз-келиндер арасында Алия Мамырова, үчүнчүнү Мария Перелюбская жана Екатерина Геттуева алды.

Эркектер арасында күмүш медалды Илим Бакытбек уулу, колону Назар Маткеримов менен Данышман Жумабай уулу тагынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18