USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык спортчу шахмат боюнча Эл аралык чемпиондор лигасында биринчи болду

12:22, 21 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Төлөгөн тегин Семетей Москвада өткөн шахмат боюнча Эл аралык чемпиондор лигасынын А тайпасында биринчи орунду алды. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагында Шахмат федерациясы билдирди.

Турнирге Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан 10 оюнчу катышты.

10 турдун жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу 6,5 упай топтоду. Анын атаандашы 5,5 упай алды.

Экинчи орунду FIDE мастер — Дмитрий Ростовцев, үчүнчүнү Денис Хайруллин алды (экөө тең Москва шаарынан).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18