USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ӨКМдин кызматкерлери эки бутун курулуш плитасы басып калган жаранды куткарышты

15:38, 20 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкелери бутун бетон плитасы басып калган жаранды куткарышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас районунун Жон-Арык айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан учурда Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранды курулуш плитасы эки бутун жоон сан этинен басып калган.

Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын куткаруучулары тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18