USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн 8:30дан тарта бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат

08:30, 17 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте 8:30дан тарта бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чектөөлөр КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтүп жаткандыгына байланыштуу.

«Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат берилет», — деп белгилешти мекемеден.

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18