USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте троллейбустар кайрадан каттай баштады

10:43, 16 ноября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте троллейбустар кайрадан каттай баштады. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, троллейбустар саат 13:00гө чейин жүрөт. Андан кийин жаңы чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу муниципалитет кошумча маалымат берет.

Эскерте кетсек, борбор калаада 16-17-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Делегациялар өтүп жаткан учурда жол кыймылы убактылуу токтотулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18